Өрт кырсыгынан жабыркагандарга акчалай жардам көрсөтүлдү
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы №79 “Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу тартиби жөнүндөгү” Жарлыгынын алкагында, өз убагында камсыздандыруу келишимин эки жараныбыз түзгөн. Күтүлбөгөн өрт кырсыгына туш болушуп, турак жайларын кайрадан калыбына келтирүү үчүн финансылык жардам алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Кара-Кочкор айыл аймагынын Жийде айылында жана Кара-Кулжа айыл аймагынын 1-Май айылында орун алган өрт кырсыгынан турак үйлөр жабыркап, тургундар оор абалга туш болушкан.
✅ Жабыркаган жарандарга Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Ош филиалынын директору Шатманов Самат Бектуровичтин көмөгү менен аталган уюм тарабынан акчалай жардам көрсөтүлдү.
* Сулайманов Абдырахман –384 278 сом;
* Азимбаев Махаматали –45 116 сом;
Кара-Кулжа жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Сыдыков Замирбек Бейшенович- бул жарандарды жоопкерчиликтүү мамилеси жана алдын ала кам көргөндүгү үчүн чын дилинен ыраазычылык билдирип, алардын үй-бүлөлөрүнө тынчтык каалады.
Ошону менен бирге, район тургундарын турак жайларын камсыздандырууга чакырды.
Урматтуу жарандар!
Үй-бүлөңүздү, мүлкүңүздү күтүлбөгөн кырсыктардан коргоонун эң ишенимдүү жолу — мамлекеттик милдеттүү камсыздандыруу.
Кырсык айтып келбейт! Өз убагында камсыздандыруу менен өзүңүздү жана жакындарыңызды чоң чыгымдардан сактап каласыз.
Бүгүнтөн баштап үйүңүздү камсыздандырыңыз бул сиздин мыйзамдуу милдетиңиз жана келечектеги бейпилдигиңиздин кепилдиги.