📢 Кара-Кулжа районунда стратегиялык план талкууланды!

Бүгүн, 17-июль 2025-жылы Кара-Кулжа районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган стратегиялык пландын долбоору кеңири талкууланды.

Жыйынга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, мекеме жана ишканалардын жетекчилери катышып, маанилүү сунуш-пикирлерин билдиришти.

Талкуунун негизги максаты — райондун ар тараптуу жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, инфраструктураны жакшыртуу, жарандардын жашоо сапатын көтөрүү болуп саналат.

Жыйынтыгында катышуучулар тарабынан бир катар маанилүү сунуштар айтылып, стратегиялык пландын долбоорун мындан ары өркүндөтүү боюнча чечимдер кабыл алынды.

Келечек үчүн бирге иш алып барабыз!